Бишкекте 2024-жылдын 16 - февралынан баштап “ЭКО жүргүнчүлөрдү ташуу” ЖЧКсы тейлеген №8 автобус каттамынын схемасы жарым- жартылай өзгөрөт. Мындай чечим ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында кабыл алынды.

№8 автобус Орок айылынан Алтын-Ордо конушуна чейин каттайт. Узундугу 49 км, автобустардын аралыгы 10-12 мүнөт. Бул линияга 15 автобус чыгат.

Белгилей кетсек, бул иш-чара шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун алкагында кабыл алынган.