Биринчи май администрациясынын жыйындар залында «Автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык жактан колдоо боюнча секторлор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү» деген темада семинар болуп өттү.
Семинарды Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги уюштурган.
Күн тартибинде оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү жана балдарды автоматташтырылган маалыматтык тутум аркылуу социалдык колдоо боюнча секторлор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар жана үй-бүлөлөр жөнүндө автоматташтырылган маалыматтык системаны ишке киргизүү сыяктуу маселелер каралды.
Ага саламаттыкты сактоо, билим берүү, укук коргоо, социалдык коргоо, бейөкмөт уюмдарынын адистери катышты.