Бишкек шаарында жаңы форматтагы аялдамадан мүлк уурдалды.

Ч.Айтматов проспектиси менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан аялдамадан белгисиз адамдар эшикти сындырып, сыналгыны уурдап кетишкен.

Учурда бул маселе укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана конокторун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузбоого жана башка адамдардын мүлкүнө аяр мамиле кылууга чакырат!