"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбордун Свердлов жана Биринчи май райондорундагы ачык коллектордук-дренаждык тармактарды кол менен жана механикалык тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Иш Мусорский көчөсү Щербаков көчөсүнөн Фере көчөсүнө чейин жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, адистер сугат системаларын даярдап жатышат, "Ынтымак 1" сейил багындагы, ошондой эле Масалиев көчөсүндөгү Тынчтык проспектисинен Байтик-Баатыр көчөсүнө чейинки автоматтык сугат системалары алмаштырылууда.
Ошондой эле «Ала-Арча» дарыясынын жээктери муздан тазаланууда.