Бишкек шаарында муниципалдык инспекция курулуш объектилеринде рейд өткөрдү.
Рейддин жүрүшүндө 7 ишканада мыйзам бузуулар аныкталган.
Алсак, чектеш аймакта тазалыкты сактабагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесине ылайык төмөнкү ишканаларга 13 миң сом өлчөмүндө протоколдор түзүлдү:
- Айни көч. №73а дарегиндеги "Гарант Девелопмент" ЖЧКсы ;
- Лермонтов көчөсүндө жайгашкан "Браво Билд" ЖЧКсы;
- Л.Толстой көчөсү №36 дарегинде жайгашкан "Гарант Девелопмент" ЖЧКсы ;
- Курчатова №46 дарегинде жайгашкан «Премиум А-Групп» ЖЧКсы;
- Сагынбай манасчы №168 дарегинде жайгашкан «Ригель» ЖЧКсы;
- Целинная № 21 дарегинде жайгашкан «Аманат Строй» ЖЧКсы.
Өндүрүштүк калдыктарды муниципалдык аймакка ташып чыгуу үчүн КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин негизинде Эркиндик бульвары, №21 дарегинде жайгашкан «СК Орион» ЖЧКсына 23 миң сом өлчөмүндө айып салынган.
Муниципалитеттин макулдугусуз, өз алдынча топурак казгандыгы үчүн «Капито Байтик Баатыр» ЖЧКсына карата КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 179-беренесинин негизинде, 17 миң сомго протокол түзүлдү.
Ушул эле берененин негизинде Безымянная көчөсү, 4/4 дарегиндеги «Фиш Ритейл Сервис» ЖЧКсына жол бетин бузуп, булгагандыгы үчүн 17 миң сомго протокол түзүлдү.
Мындан тышкары, текшерүү Ахунбаев көчөсү, 48/1 дарегиндеги «Чанган» каржы компаниясына жана жеке чарбалык субъекттерге чектеш аймактарды жашылдандыруу эрежелерин сактоо боюнча эскертүүлөр берилген.
Рейддик иш-чаралар күн сайын өткөрүлүп турат. Тартипти бузгандарга тиешелүү чаралар көрүлөт.
Урматтуу шаардыктар жана ишкерлер! Муниципалдык инспекция коомдук жайларда көрктөндүрүү, тазалык жана тартипти сактоонун зарылдыгын эскертет.