Бишкек шаарында 2024-жылдын 11-февралында №107 автобус менен «KIA К7» үлгүсүндөгү жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Жол кырсыгы Ахунбаев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
«KIA К7» унаасынын айдоочусу автобус менен бир багытта бара жатып, каршы тилкеге чыгып, автобустун сол бурчун сүрүп токтогон.
Учурда иш Бишкек шаары боюнча ИИМдин патрулдук кызмат бөлүмүндө каралууда.
Белгилей кетсек, жол эрежелерин сактабаган транспорттун бардык түрлөрүнүн айдоочуларына карата КР мыйзамдарына ылайык катуу чаралар көрүлөт.
Шаардык муниципалитет эскертет:
- ылдам айдабаңыз, ылдамдык режимин бузбаңыз;
- унааны кылдат этияттык менен айдаңыз, айдап баратканда алаксыбаңыз;
- унаа айдап бара жатканда телефон аркылуу сүйлөшпөңүз, башка нерсеге алаксыбаңыз;
- эч качан каршы тилкеге, жол кыймылынын эрежелери тыюу салган тилкелерге чыкпаңыз.
Урматтуу айдоочулар! Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелеринин 18.3. пунктуна ылайык, эл жашаган аймактарда айдоочулар троллейбустарга жана автобустарга белгиленген аялдамадан баштап жол бериши керек. Троллейбустардын жана автобустардын айдоочулары аларга жол берилгенине ынангандан кийин гана кыймылга кирише алышат.