Борбор калаанын архитектуралык-көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы жарнамалык конструкцияларды иретке келтирүү иштери жүрүп жатат.

Иштин жүрүшүндө, Ленин районундагы Дэн Сяопин проспектисин бойлой Алыкулов көчөсүнөн баштап Фучик көчөсүнө чейин 58ден ашык жарнама конструкциясы алынып, 7 протокол түзүлдү.

Октябр  районунда Юнусалиев көчөсү Горький көчөсүнөн баштап Сухэ-Батор көчөсүнө чейин 52 жарнак конструкциясы тазаланып, 21 протокол түзүлдү.

Биринчи май районунда Москва көчөсү Манас проспектисинен баштап Абдрахманов көчөсүнө чейин, 67 көрнөк-жарнак алынып, 3 протокол түзүлгөн.

Свердлов районунда Жибек-Жолу проспектисинен Ибраимов көчөсүнөн баштап Бөкөнбаев көчөсүнө чейин, 36 жарнак конструкциялары алынып, 8 протокол түзүлгөн.

Бардык протоколдор КРнын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 107 жана 179-беренелеринин негизинде түзүлгөн.

Жеринде Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын, муниципалдык инспекциянын, муниципалдык администрациялардын жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү  иштешти.

Белгилей кетсек, борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, имараттардын фасаддарын жана алардын конструкциялык элементтерин уруксатсыз кайра жабдууга, ошондой эле жарнамалык көрнөктөрдү уруксатсыз илип коюуга тыюу салынат.

Урматтуу жарандар жана ишкерлер! Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарды «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасы иштеп чыккан долбоорго ылайык, көрнөк-жарнактарды талапка ылайык алып келүүнү өтүнөт.