Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин окуучусу Анвар Ходжиев Болгарияда өткөн бокс боюнча эл аралык турнирде алтын медаль тагынды.

Белгилей кетсек, Strandzha Cup 2024 турнири 11-февралда София шаарында аяктаган.

Ходжиев 48 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, анда жалпысынан 5 спортчу катышкан. Кыргызстандык чейрек финалда Украинанын өкүлүн бир добуштан жеңип, жарым финалда Грузиянын спортчусунан да 5:0 эсебинде жеңди.

Финалдык беттеште анын атаандашы Индиянын спортчусу болгон. Ар бири 3 мүнөттөн үч раунддун жыйынтыгында калыстар тобу 4:0 эсебинде Ходжиевге жеңишти беришти.

Анвар Ходжиев 1-орунду алып, алтын медаль тагынды.