Социалдык тармактарда айрым айдоочулар жол эрежесин бузуп, тротуарга чыгып кеткен видео жарыяланды.
Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы менен биргеликте айдоочуларды издөө иштерин ыкчам жүргүздү. Жол эрежесин бузгандарга протоколдор түзүлдү.
Мындан тышкары видеодо жазылган дагы бир унааны издөө иштери жүрүп жатат.
Бишкек шаарынын мэриясы кайдыгер карабаган жарандарга ыраазычылык билдирет. Бул багыттагы иштер улантылат.
Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Эгерде сиз ушундай жагдайга күбө болгон болсоңуз, анда Бишкек шаарынын мэриясынын Call-борборуна: 1840; 1850; 0554 182 185 (WhatsApp) кайрылсаңыздар болот.