Оор атлетика боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары Ташкентте өткөн Азия чемпионатында медалдарга ээ болушту.

102 кг салмакта Бекдөөлөт Расулбеков жалпы 386 кг (173 кг жулкуп көтөрүү, 213 кг жулкуп көтөрүүдө) жыйынтык көрсөтүп, күмүш байгеге ээ болду.

Спортчу Эмил Молдодосов 89 кг салмакта 162 кг салмактагы штанганы көтөрсө, жулкуп көтөрүүдө 190 кг көтөрүп жыйынтык көрсөттү. Жалпы жыйынтык 352 кг ага 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынды.

Белгилей кетсек, оор атлетика боюнча Азия чемпионаты 2024-жылдын 3-10-февралында Ташкент шаарында (Өзбекстан) өткөн.