«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында айдоочулар арасында жыйын өткөрдү.

Жыйынга  Бишкек ШИИБдин патрулдук милиция башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Болот Мурсалиев, Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын подполковниги Медер  Шайкыдинов, Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын улук лейтенанты Кадырбек Батырбеков, «БЖАИ» муниципалдык ишканасынынын директору Талант Капаров, ишкананын кызматкерлери, автоколонналардын башчылары жана айдоочулар катышты.

Жыйындын жүрүшүндө жаңы автобустардын катышуусундагы жол кырсыктарынын көбөйүшү боюнча маселе каралып, айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эрежени сактабаган айдоочуларга өтө катаал жана ыкчам чараларды көрүү боюнча милдеттер коюлду.

Ошондой эле, келген өкүлдөр жол кыймылынын эрежелери боюнча сынак тапшырып жаткан айдоочулар жана сынак тапшыруучу бөлмө менен таанышып чыкты.

Белгилей кетсек, ишкана толук айдоочулук курамды жол кыймылынын эрежелери боюнча

сынактан өткөрүүдө. Бул айдоочулардын жөндөмдүүлүгүн баалоо жана жол кырсыктарын алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө. Сынактын негизинде айдоочуларга үч жолу мүмкүнчүлүк берилип, өтпөй калган айдоочулар комиссиянын кароосунан кийин жумуштан алынат.

Жыйындын натыйжасында жол кыймылынын эрежелерин сактабаган, накталай эмес төлөм жүгүртүүдө каражаттарды ысырап кылган  айдоочуларга өтө катаал чаралар көрүлөрү эскертилди

,