2024-жылы Бишкек шаары муниципалдык коомдук транспортто тарифтердин жогорулашы менен накталай эмес төлөмгө өткөн.

2024-жылдын 30-январынан 8-февралына чейин коомдук транспорттун жүргүнчүлөрү QR-коддор аркылуу 443 000 төлөм жүргүзүлгөн, анын ичинен 403 350 транзакция жеңилдетилген, башкача айтканда, жарандар үчүн 50% кайтаруу менен (кэшбэк), анын ичинен тиркемелер аркылуу, MBank – 272746, О! Деньги – 60123. Ошондой эле акция менен (11 сом) MegaPay аркылуу – 70481 транзакция.

Ошентип, акчалай эсептегенде шаардыктар 2,5 миллион сомдон ашык каражатты «үнөмдөштү». Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан башка өнөктөштөр да ушундай акцияларды берүүгө даяр.