Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине "Тазалык" муниципалдык ишканасынан берилген арыздын негизинде Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган атайын техникаларды сатуу боюнча аукцион өткөрүлөт.

Учурда атайын техникаларды сатуу боюнча аукцион өткөрүү датасы аныкталды. Аукцион 2024-жылдын 20-февралында өтөт.

Катышууну каалаган жеке жана юридикалык жактар бул техниканы сатып алуу үчүн 16-февралга чейин Чокморов, 246 дарегине арызын калтыруусу зарыл. Ачык аукцион 20-февралда саат 14:00дө болот.

Арыздар 2024-жылдын 16-февралына чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш., Чокморов көч., 246, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти, муниципалдык менчикти каттоо бөлүмү, 2-бөлмө.

Бардык суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине, төмөнкү телефон номерлери аркылуу кайрылууңуздарды суранабыз: 0(312) 45-44-12; 0707 45-19-48.