Бишкек шаарында муниципалдык инспекциянын кызматкерлери күн сайын күчөтүлгөн режимде иштешет.

Муниципалдык инспекция тарабынан Бишкек шаары боюнча КРнын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 114-115-беренелеринин негизинде эки күндүн ичинде 100 протокол түзүлүп, 873 миң 500 сомдук айып пул салынган.

Борбор калаада тазалыкты сактабай, мыйзамсыз иштерге барган жарандарга  эскертүүлөр берилди.

Муниципалдык инспекция мыйзам бузуучуларга каршы ишин улантат.

Шаардын санитардык жана экологиялык тазалыгын сактабаган адамдарга карата колдонуудагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте чаралар көрүлөт. Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана уюмдар! Үйүңүздүн жана кеңсеңиздин айланасында санитардык тазалыкты сактап, таштандыларды туура эмес жерге ыргытпоону суранабыз. Сиздер менен биргеликте шаарыбыздын тазалыгына кам көрөбүз.