Билдирүү


Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 “Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун долбооруна жөнгө салуучу таасирин талдоо тартибин иштеп чыгуу жөнүндө


Ушуну менен Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти, кызыкчылыгы бар тараптардын сунуштарын чогултуу жана мыйзамдык жөнгө салуу маселелерин талкуулоонун башталышы жөнүндө кабарлайт.

1. Сунушталган жөнгө салуучу чечүүгө багытталган маселелерди баяндоо: 

Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 20-декабрындагы № 288 «Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарын берүүнүн тартиби жана шартын жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө» токтому (Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 токтомуна ылайык күчүн жоготту деп табылган)  менен бекитилген, жобо кабыл алынгандан бери жер участокторуна ижара төлөмдөрүнүн коюмдары өзгөрбөгөн жана бүгүнкү күндө Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 токтому менен бекитилген муниципалдык жер участокторун пайдалануу үчүн ижара акысынын коюмдарынын азыркы учурдагы өлчөмдөрү ошол эле деңгээлде.

2. Сунушталган жөнгө салуунун максаты жана проблемаларды чечүү ыкмасын баяндоо:

Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 «Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун долбоору (мындан ары-токтом долбоору) Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттерди натыйжалуу пайдаланууну жогорулатуу максатында иштелип чыкты. Токтом долбоорунун милдети болуп Бишкек шаарында муниципалдык жер участокторун пайдалануу үчүн ижара төлөмдөрүнүн коюмун 2011-жылдан 2024-жылга чейинки мезгил ичиндеги инфляция көрсөткүчтөрүнө ылайык келтирүү болуп саналат.

Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылынын 14-январындагы № 141 токтому менен бекитилген Бишкек шаарындагы ижара шарттарында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобосунун 72-пунктуна ылайык, ижара акыларын эсептөө Аб = П х С формуласы боюнча жүргүзүлөт, мында:

-Аб - базалык ижара төлөмүнүн өлчөмү (сом менен);

- П-жер участогунун аянты чарчы метр менен;

- С-чарчы метр үчүн ижара акысынын коюму.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29-статьясынын 1-бөлүгүнө ылайык, тоорукка коюлган жер участогунун баштапкы старттык баасы жердин рыноктук наркы болуп саналат.

Ушуга байланыштуу, муниципалдык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн ижара төлөмдөрүнүн коюмдарынын колдонуудагы өлчөмдөрүн керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүү индекси менен шартталган ар жылдык инфляцияны эске алуу менен кайра карап чыгуу зарылдыгы келип чыкты.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2024-жылдын 17-январындагы № 071-04/332 катына ылайык, 2023-жылы инфляция 7,3 пайызды түздү.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 403-беренесине ылайык, калктуу конуштардын жерлеринин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлердин бир чарчы метринин салыктык наркын эсептөө төмөнкүдөй формула менен жүргүзүлөт:

СН = БСН х Кз х Кн х Ки,

мында: 

СН - калктуу конуштардын жерлеринин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлердин бир чарчы метринин салыктык наркы;

БСН - калктуу конуштардын жерлеринин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлердин бир чарчы метринин базалык салыктык наркы;

Кз - зоналык коэффициент;

Кн - мүлктүн функциялык багытынын коэффициенти;

Ки - инфляция коэффициенти.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404-беренесинин 8-бөлүгүндө учурдагы салыктык мезгилде калктуу конуштун жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге тиешелүү болгон жер участогуна мүлк салыгын эсептөөдө колдонулган инфляциянын коэффициенти Kи ушул Кодекс күчүнө кирген салыктык мезгилден баштап мурунку салыктык мезгилдер үчүн инфляциянын деңгээлинин көбөйтүндүсү катары аныкталат. 

Ошентип, калктуу конуштардын жерлерине салыктын суммасын эсептөөдө инфляциянын деңгээли да эске алынат.

Муниципалдык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн ижара акысынын коюмдарынын өлчөмдөрүнүн токтом долбоору менен сунушталган өзгөртүүлөрү салыктык эмес кирешелердин түшүүсүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана жергиликтүү бюджеттин экономикалык көрсөткүчтөрүн жогорулатууга өбөлгө түзөөрү болжолдонууда, бул борбор шаарды өнүктүрүүнүн тармактык багыттарын каржылоону көбөйтүүгө жана ошону менен Бишкек шаарынын жергиликтүү маанидеги маселелерин чечүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, токтомдун долбоорун кабыл алуу муниципалдык жер участокторунун менчик ээлеринин жана алардын ижарачыларынын кызыкчылыктарынын экономикалык жактан адилеттүү балансын камсыздоого мүмкүндүк берет.

3. Сунушталган жөнгө салуунун күтүлгөн артыкчылыктары жөнүндө баяндоо:

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.

Ошентип, токтомдун долбоорун бекитүү Бишкек шаарынын курамына кошулган аймактардагы ижаралык укуктук мамилелерди укуктук жөнгө салууну аныктоо бөлүгүндө административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды өз убагында кабыл алууну камсыздайт.

Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттерин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында токтом долбоору даярдалды.

4. Мүмкүн болгон терс таасирлер жөнүндө баяндоо:

Токтом долбоору колдонуудагы мыйзамдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.

5. Сунушталган жөнгө салуунун адресаттарынын - ишкердик субъекттеринин санына мүнөздөмө жана баа берүү:

Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 токтому менен бекитилген ижара акысын эсептөө үчүн Бишкек шаарынын экономикалык зоналарынын чектерине ылайык, Бишкек шаарынын аймагы жыйырма экономикалык зонадан турат. Токтомдун долбоору менен Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 токтомун андан ары колдонуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын алкагында борбор шаардын аймагына кошулуучу Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунун калктуу пунктарын, конуштарын жана участокторун камтыган Бишкек шаарынын экономикалык зоналарынын чек араларын жыйырма биринчи экономикалык зона менен толуктоо сунушталат.

Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттерин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана муниципалдык жер участокторунун жер пайдалануучулары (ижарачылары) менен ижара укук мамилелерин жөнгө салууга максатында бул токтом долбоору даярдалды.

6. Аны киргизүү менен байланышкан сунушталган жөнгө салуунун потенциалдуу адресаттарынын кошумча чыгымдарын жана пайдаларын болжолдуу жөнүндө баалоо:

Токтомдун долбоорун кабыл алуу муниципалдык жер участокторунун менчик ээлеринин жана алардын ижарачыларынын кызыкчылыктарынын экономикалык жактан адилеттүү балансын камсыздоого мүмкүндүк берет.

7. Сунушталган жөнгө салууну киргизүү менен байланышкан республикалык/жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын жана пайдасын болжолдуу баалоо:

Токтом долбоорун кабыл алуу Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинен кошумча финансылык сарптоолорго алып келбейт.  Мындан тышкары, муниципалдык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн ижара акысынын коюмдарынын өлчөмдөрүнүн токтом долбоору менен сунушталган өзгөртүүлөрү салыктык эмес кирешелердин түшүүсүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана жергиликтүү бюджеттин экономикалык көрсөткүчтөрүн жогорулатууга өбөлгө түзөөрү болжолдонууда, бул борбор шаарды өнүктүрүүнүн тармактык багыттарын каржылоону көбөйтүүгө жана ошону менен Бишкек шаарынын жергиликтүү маанидеги маселелерин чечүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. 


Билдирүүгө төмөнкүлөр тиркелет:

1. Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеси:

- аталган маселелер туура, жөнгө салууну өзгөртүү жолу менен чечүүнү талап кылынабы;

- бул максатка жетүү үчүн маанилүү, негиздүү болобу;

- проблемаларды чечүүнүн сунушталган ыкмасы (жөнгө салуу) эң артыкчылыктуубу;

- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай артыкчылыктар болушу мүмкүн;

- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс кесепеттер болушу мүмкүн;

- көйгөйлөрдү чечүүнүн натыйжалуу альтернативдүү жолдору барбы;

- сунушталган жөнгө салуу боюнча жалпы пикир.


Суроолордун тизмеси кеңейтилиши мүмкүн.


Байланыш жана талкуулоо мөөнөтүн билдирүү жөнүндө маалымат: 


1. Сунуштар кабыл алынат:


- электрондук почта аркылуу

dumi@meria.kg

- почта дарегине

720017, г. Бишкек, ул. Чокморова, 246 

Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү

13.02.2024 ж.

17:59

Иштеп чыгуучу органдын расмий сайтына сунуштардын жана жооптордун реестрин жайгаштыруунун мөөнөтү

16.02.2024 ж.

17:59