Бишкек шаарында 2-4-февраль күндөрү дзюдо боюнча 2007-2009-жылы туулган улан-кыздар арасында Кыргыз Республикасынын биринчилиги өттү.

Турнирге Кыргызстандын бардык аймактарынан 525 спортчу катышты.

Ошентип, спорттук күрөш боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары 14 медалга ээ болушту.

Актай Саязов – 1-орун;
Нурсултан Калыбеков – 1-орун;
Абдурахман Абдыкадыров – 2-орун;
Нурболот Каныбеков – 2-орун;
Илья Сухинин – 2-орун;
Индира Эралиева – 2-орун;
Арсен Болотбеков – 3-орун;
Эрбол Авалбеков – 3-орун;
Шамил Абдразаков – 3-орун;
Айгерим Адамова – 3-орун;
Амина Салиева – 3-орун;
Сумай Акматова – 3-орун;
Айдеми Калыева – 3-орун.

«Олимп» олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинен 39 спортчу катышкан. Дзюдо бөлүмүнүн төмөнкү тарбиялануучулары байгеге ээ болушту:
Адис Орозмаматов – 1-орун;
Байаким Осмонов – 1-орун;
Айша Кыялбекова – 2-орун;
Салман Фуфуза – 2-орун;
Эрбол Кушкенов – 2-орун;
Егор Криволапов – 3-орун;
Бегайым Калилова – 3-орун;
Бекбол Садыков – 3-орун.

Белгилей кетсек, мелдеш 2024-жылга карата өспүрүмдөр жана кыздар арасында дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасын түзүү, дзюдону жайылтуу, дене тарбия жана спортту жайылтуу, достук мамилелерди чыңдоо жана спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу максатында өткөрүлдү.