Бишкек шаарында борбор калаанын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын кызматкерлери менчигинин түрүнө карабастан көп кабаттуу үйлөрдүн короолорунда жана көчөлөрүндө тазалыкты сактоо боюнча рейддерди улантууда.
Жыл башынан бери, тактап айтканда январь айында көрктөндүрүү жана тазалык эрежелерин бузгандарга КР «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренесинин негизинде 84 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 702 000 сом айып пул салынган.
Урматтуу шаардыктар жана ишкерлер! Бишкек шаарын жашылдандыруу эрежелеринин 4.4.1 пунктуна ылайык жанаша жайгашкан аймакты жашылдандыруу боюнча санитардык нормаларды жана эрежелерди так сактоону суранабыз.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары аныкталган учурда муниципалдык инспекция тарабынан менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодексинин беренелерине ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.