Борбор калаада коомдук муниципалдык транспортто 30 контролер иштеп, жол кире акысын көзөмөлгө алышууда.

Буга чейин 100дөн ашык бузуучулар аныкталган, тактап айтканда, айдоочулар талонду беришкен эмес же жүргүнчүлөр мурда колдонгон талонду жаңы талон катары өткөрүп беришкен.

Контролерлор күн сайын каттамдарды көзөмөлгө алышып, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен активдүү кызматташып, коомдук тартипти жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун, ошондой эле транспортто эрежелердин жана мыйзамдардын сакталышын камсыз кылышууда.

Урматтуу шаар тургундары жана меймандары! Жол кирени төлөө эрежелерин сактоону суранабыз.

Белгилей кетсек, жол киреден түшкөн каражат шаардык транспорттун өнүгүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизет. Алар транспорттук инфраструктураны жакшыртууга, кыймылдуу курамды жаңылоого жана жүргүнчүлөрдү тейлөө кызматтарын жакшыртууга жардам берет.