Январь айынын ичинде «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 30дан ашык саркынды сууларды кабыл алуучу торлорду орнотуп, темир тосмолорду калыбына келтиришти.
Көбүнчө төрт бурчтуу темир торлор борбор калаанын аялдама комплекстерине жана тротуарларына орнотулду:
- Абдрахманов/Фрунзе көчөсү;
- Көкчө-Тоо көчөсү;
- "Ак Эмир" аялдама комплексинин аянты;
- Байтик Баатыр/Кулатов көчөсү;
- Жибек-Жолу/Алма-Ата көчөсү;
- Садыгалиев / Л. Толстой көчөсү;
- Москва / Ч.Айтматов көчөсү.
Ошондой эле, жол кырсыгынан кийин 7-Апрель көчөсүнүн Исакеев көчөсү менен кесилишинде жана Дэн Сяопин проспектисинин Садыгалиев көчөсү менен кесилишинде темир тосмолор калыбына келтирилди.
Мындан тышкары, шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун ыңгайлуулугу үчүн Чүй проспектиси жана Т.Айтматов көчөсүнүн кесилишинде жөө адамдар өтүүчү жол уюштурулду.