Буга чейин №226 автобустук каттамдагы текшерүүнүн жыйынтыгында жеке эсептик (пенсионный 9996 0312 1105 6727) картаны мыйзамсыз колдонуу фактылары аныкталган. Картаны конфискациялоо чечими чыккандан кийин жүргүнчү контролерго кол салууга аракет кылып, иш укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Укук коргоо органдарынын ыкчам аракеттеринин аркасында мыйзам бузуучу кармалды. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаран Л.К.Ю. Свердлов райондук сотунун чечими менен административдик жоопкерчиликке тартылып КР Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесине ылайык 5500 сом айып салынды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук транспортунда жол кире үчүн накталай эмес төлөм системасы иштейт. Жол кире кымбатташы менен контролерлор жол кире акысын төлөбөгөндөрдү аныктоо иштерин баштады.

Картаны башка адамдарга өткөрүп берүүгө жана башка бирөөнүн жеке картасын колдонууга тыюу салынат. Бишкек шаарынын аймагындагы автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелерине ылайык, контролерлор жүргүнчүлөрдөн транспорттук карталарды уруксатсыз пайдаланган учурда алып коюуга укуктуу.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Коомдук транспортту колдонуу эрежелерин сактоону, ошондой эле коопсуздукту жана ыңгайлуулукту камсыз кылуу үчүн инспекторлор менен кызматташууну суранабыз.