«Олимп» олимпиадалык резервинин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучусу Эрлан Шеров дзюдо боюнча Paris Grand Slam эл аралык турниринде коло медаль тагынды.
Спортчу 90 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. 1/16 финалда Эрлан Шеров нейтралдуу спортчу катары күч сынашкан Яхор Варапаевди жеңип алды. Чейрек финалга чыгуу үчүн болгон беттеште Алтанбагана Гантулгуну (Монголия) жеңип алган. Жарым финалга чыгуу үчүн болгон күрөштө Элжан Хаджиевге (Азербайжан) утулуп калган. Жубатуучу беттеште дзюдочу Сами Чоучини (Бельгия) жеңип алган. 3-орун үчүн Рафаэль Маседо (Бразилия) менен болгон иппонун беттешинде таза жеңишке жетти.
Белгилей кетсек, Эрлан Шеров эл аралык турнирдин коло байге ээси болуу менен 500 рейтингдик упайга ээ болгон. Спорттук карьерасында спортчу экинчи жолу Grand Slam сериясындагы турнирдин жеңүүчүсү болду.
Дзюдо боюнча эл аралык турнир 2024-жылдын 2-4-февралында Парижде (Франция) өткөн. Ага 5 континенттен, 107 өлкөдөн 621 дзюдочу, анын ичинде 14 салмак категориясында 365 эркек жана 256 аял катышкан.