Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын кызматкерлери «Тазалык» ишканасынын өкүлдөрү менен биргеликте чарбалык субъектилердин жана калктын арасында таштандыларды белгиленбеген жерге ыргытууга, аларды өрттөөгө жол бербөө жана санитардык-экологиялык нормаларды сактоо боюнча рейд өткөрүштү.
Рейддин жүрүшүндө Биринчи май районундагы 35 чарба субъекти текшерилип, эреже бузгандарга айып пул салынды.
Атап айтканда, КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 115-беренесине ылайык, таштандыларды уруксат берилбеген жерлерге ыргытып, өрттөгөндүгү үчүн 1 протокол түзүлүп, 3000 сом айып салынган.
Мындан тышкары, “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, келишим түзүү зарылчылыгы боюнча 5 билдирүү берилген.
КРнын КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык 52 000 сомго 4 протокол түзүлдү. Биринчи май району боюнча бардыгы болуп 55 миң сомдук 5 протокол түзүлдү.
Свердлов району боюнча 51 чарба субъекти текшерилип, «Тазалык» МИ менен биргеликте 21 чарбакер субъектилердин өкүлдөрү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 2 буйрук чыгарылган.
Рейддин жүрүшүндө 2 мыйзам бузуу аныкталып, алар боюнча таштандыларды белгиленбеген жерлерге ыргыткандыгы жана өрттөгөндүгү үчүн КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 115-беренесине ылайык Ленин районунун инспекторлору тарабынан 50 чарба жүргүзүүчү субъекти текшерүүгө алынып, анын ичинен 1 чарбалык субъекти «Тазалык» ишканасы менен 5687,5 сомго келишим түзгөн.
Белгиленген мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин талаптарына ылайык 9 протокол түзүлүп, 2 буйрук берилген.
Октябрь районунун инспекторлору тарабынан 34 чарба субъекти текшерилди. Текшерүүнүн жүрүшүндө 6 протокол түзүлдү.
Ошондой эле Достоевский көчөсүндөгү жана Асанбай кичи районундагы мурда арыздар түшкөн объектилер текшерилди.
Урматтуу шаардыктар! Таштандыларды атайын бөлүнгөн жайларга ыргытып, шаардын тазалыгын сактоону суранабыз.