Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2023-жылдын 4-декабрындагы чечими менен Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы «Асанбай» сейил багындагы жеңил объекттерди бузуу иштерин жүргүзүүдө.
Башкармалыктын кызматкерлери жеринде Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин кызматкерлери, Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь району боюнча муниципалдык администрациясы жана «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте иш алып барышууда.
Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын 2010-жылдын 25-февралындагы №79 токтому менен «Детский досуг» ЖЧКсына маданият жана эс алуу паркы үчүн аянты 4062 га болгон 5 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга жер тилкеси берилген. Жер тилкелерине укук берүү боюнча комиссиянын 2022-жылдын 9-июнундагы чечиминин негизинде убактылуу пайдалануу укугун узартуудан баш тартылган. 2024-жылдын 29-январында башкармалык тарабынан «Детский досуг» ЖЧКсынын өкүлүнө 5 календардык күндүн ичинде парктын муниципалдык аймагын бошотуу боюнча билдирүү берилген.