Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында «Баары лыжа тебүүгө – 2024» спорттук иш-чарасы болуп өттү.
Спорттук майрамдын салтанаттуу ачылышына мэрдин орун басары Виктория Мозгачева катышты.
Борбордун төрт районунун реабилитациялык борборлорунун, интернаттарынын жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн 400дөн ашык балдарына унутулгус эмоциялар жана майрамдык маанай тартууланды.
Иш-чара концерттик программа менен башталып, спорттук эстафеталар жана ар кандай оюн-зоок конкурстары уюштурулуп, жыйынтыгында ар бир балага белек тапшырылды.
Мындан тышкары, кышкы майрамдын катышуучулары үчүн ысык тамак уюштурулган.
Иш-чаранын максаты – кышкы спорттун түрлөрүн жайылтуу, ошондой эле балдарды жана өспүрүмдөрдү активдүү эс алууга, дене тарбия жана спорт менен машыгууга тартуу болуп саналат.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти уюштурду.