Биринчи май акимиатында балдар иштери боюнча комиссиянын жыйыны өттү.
Күн тартибинде кылмыштуулукка, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга жардам көрсөтүүгө, балдарды фостердик үй-бүлөлөргө жайгаштырууга байланыштуу 24 материал боюнча маселелер каралды.
Комиссиянын курамына саламаттыкты сактоо, билим берүү, укук коргоо, социалдык коргоо, бейөкмөт уюмдардын адистери кирет.
Бул комиссиянын негизги милдети кылмыштуулуктун алдын алуу жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга жардам көрсөтүү болуп саналат.