"Бишкексууканал" ӨЭБсы суу түтүктөрүнүн тоңуп калышына жол бербөө үчүн муздак суу крандарын ачуу зарылдыгы тууралуу социалдык тармактарда активдүү тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбей турганын расмий билдирет.

Суу тармактары техникалык параметрлер жана стандарттар менен  курулган жана СНиНипке жооп берет. Траншеянын тереңдиги жана тармактарды куруунун башка параметрлери мүмкүн болгон климаттык шарттарды, анын ичинде төмөнкү температураны эске алуу менен эсептелген.

Бардык абоненттерди социалдык тармактарда тараган туура эмес маалыматтарга ишенбөөгө жана түтүктөр тоңуп калбашы үчүн муздак суу крандарын ачпоого чакырабыз.