Калаа башчысы Бишкек шаарындагы жылуулук менен камсыздоо объектилеринин ишин текшерди.

Ошентип, мэр ЖЭБтеги штаттан тышкаркы кырдаалдан улам жылуулук энергиясын берүү үзгүлтүккө учураган «Электр станциялары» ААКнын – «Бишкектеплосеть» насостук станциясын текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, учурда «Электр станциялары» ААКсы - «Бишкектеплосеть» шаардын 66% ЖЭБ аркылуу камсыздаса, шаардын калган бөлүгүн (34%) муниципалитетке караштуу «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы тейлейт.

Борбор калаа башчысы тиешелүү кызматтарга «Электр станциялары» ААК - «Бишкектеплосеть» жаңы отканаларына жер тилкесин бөлүп берүү маселесин тездетүүнү тапшырды.

Андан ары Айбек Жунушалиев №2 клиникалык ооруканага текшерүү жасап, медициналык мекеменин ар бир бөлмөсүнүн температуралык шарттары менен таанышты.

Маалым болгондой, учурда клиникалык оорукананын жалпы бөлүмдөрүндө температура +20-22°С сакталууда.

Шаар башчысы социалдык объектилерди жылуулук жана электр энергиясы менен камсыздоо муниципалитеттин биринчи кезектеги милдети экенин белгиледи.