Октябрь администрациясынын адистери ИИБ кызматкерлери менен биргеликте райондун аймагында катуу отунга (көмүргө) жана жылытуучу приборлорго бааларды жасалма көтөрүүгө жол бербөө боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Жылытуучу приборлорду сатуу жүрүп жаткан Орто-Сай базарына жана көмүр базасына өзгөчө көңүл бурулууда.
Базардын соодагерлери менен жылытуучу приборлордун баасынын көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, базар ээлери менен базардын администрациясы тарабынан соодагерлердин кошумча көзөмөлү жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө жергиликтүү «Кара-Кече» көмүрүнүн 1 тоннасы 4700 сом, Казакстандын «Кара-жыгач» көмүрү 6200 сом турат. Ар кандай жылыткычтардын баасы 1000 сомдон 6000 сомго чейин.