Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы тарабынан борбор калаада жайгашкан базарлардын жана кичи базарлардын санитардык абалын жана көрктөндүрүүсүн текшерүү боюнча атайын рейд өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө жалпысынан 34 базар текшерилген. Атап айтканда, «Дордой-Алкан», «Дордой-Аламүдүн», «Дордой-Жунхай», «Дордой-авто тетиктер», «Дософорт», «Евразия», «Чолпон», «Оберон», «Ак-Эмир», «Ак-Чүй» базарлары, «Шар-Чебер», «Берекет Гранд», «Берекет Универсал», «Реконс Баткен» ЖЧКсы, «Орто-Сай» базары, «Айни», «Тилек», «Көк-Жар», кичи базарлары, «Май кампасы» базары, «Курулуш» ЖЧК курулуш материалдар базары, мал базарлары – «Сары Суукан», «Кудайберген», «АК май».

Текшерүүнүн жыйынтыгында укук бузуулар жөнүндө Кодекстин 2-беренеси боюнча 114 протокол түзүлүп, 50 чарбакер субъекттин өкүлдөрү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жазуу жүзүндө 22 билдирүү берилди.

Ушундай эле текшерүүлөр күчөтүлгөн тартипте улантылат.

Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер! Эскерте кетсек, КРнын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында муниципалдык инспекциянын талаптарын аткарбаган адамдарга карата чаралар көрүлөт.