Флумус шаарында (Швейцария) 2024-жылдын 30-январында Bartholet Swiss компаниясынын штаб-квартирасында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен аркан-жол тармагы боюнча дүйнө лидери Bartholet Swiss компаниясынын ээси жана президенти Роланд Бартолеттин жолугушуусу болуп өттү.

Жыйында Бишкек шаарынын мэриясы менен Bartholet Swiss ортосунда кызматташуу боюнча алкактык макулдашууга кол коюлуп, Бишкек шаарында аркан жол системасы долбоорун ишке ашыруу планы бекитилди.

Белгилей кетсек, бул шаардын тургундары жана коноктору үчүн заманбап жана эффективдүү транспорттук чечимдерди камсыз кыла турган шаардык инфраструктураны өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.

Бул демилге заманбап жана туруктуу шаар чөйрөсүн түзүүнүн негизги фактору болуп калат.