Октябрь акимиаты Эл аралык миграция уюму, ошондой эле МАБ, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, Билим берүү башкармалыгы жана Калкты ишке орноштуруу борбору менен биргеликте «Миграциянын  аялдарга жана балдарга тийгизген таасири» деген темада тегерек стол өткөрдү.  

Тегерек стол Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 13-апрелиндеги токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2020-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясын  ишке ашыруу максатында уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө миграциянын терс кесепеттери, үй-бүлөлүк чыр-чатактын көбөйүшү жана жаш үй-бүлөлөр арасында ажырашуулардын санынын көбөйүшү, ошондой эле дайынсыз жоголгон (иштеген) күйөөлөрүнөн алимент алуудагы кыйынчылыктар маселелери талкууланды.  

Тегерек столго чет өлкөдө эмгектенип жүргөндөр дагы чакырылып, алар чет өлкөдө иштеп жүргөндө кабылган көйгөйлөрү тууралуу айтып беришти.