Өзүнүн сөзүндө район башчысы бүтүрүүчүлөрдү жана алардын ата-энелерин куттуктап, ийгиликтерди каалады. Ошондой эле мугалимдерге келечек муундарды тарбиялоодогу зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Иш-чара окуучулардын чыгармачылык номерлери жана мыкты окуучуларды сыйлоо аземи менен улантылды. Иш-чаранын соңунда акыркы коңгуроо кагылды.
Октябрь районунда быйыл 1 миң 75 бүтүрүүчү мектепти аяктоодо.