Бишкек шаарында 2024-жылдын 1-февралынан тарта №145 жана №169 жаңы автобус каттамдары ишке кирет.
Буга чейин бул каттамдарда кичи автобустар иштеп келген. Эми анын ордуна ушундай номурлуу автобустар жүрө баштайт. Аларды «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы тейлейт.
№145 автобус Көк-Жар конушунан Маевка айылына чейин каттайт. Узундугу 33 км, автобустардын аралыгы 6-8 мүнөт. Бул линияга 14 автобус чыгат.
№169 автобус Ак-Ордо конушунан Шоро компаниясына чейин жүрөт. Анын узундугу 47 км, ал эми автобустардын кыймыл интервалы 12 мүнөттү түзөт. Каттамда 14 автобус кызмат көрсөтөт.
Белгилей кетсек, бара-бара бардык маршруттук каттамдар толугу менен автобустарга алмаштырылат.