Бишкек шаарынын Ибраимов көчөсүндө жайгашкан “Комфорт” базарынын жанында, тротуарга салынган бастырма ээси тарабынан өз ыктыяры менен буздурулууда.
Буга чейин, Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан муниципалдык аймакты уруксатсыз салынган курулуштардан, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарды бузуу менен курулган же курулуп жаткан имараттардан тазалоо боюнча эскертүү берилген.
Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер! Жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин бузбоону суранабыз, эгерде мыйзам бузуулар аныкталса, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилген тартиптке ылайык чаралар көрүлөрүн эскертебиз!