Октябрь акимиаты Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери менен биргеликте «Тамеки чегүү» боюнча рейд өткөрүштү.
Рейддин жүрүшүндө «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык администрация жана кардарлар тарабынан бузуулар аныкталган оюн-зоок мекемелеринде иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 39 миң сом айып салынып, 3 протокол түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 83 жана 84-беренелерине ылайык, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жеке адамдын жоопкерчилигин эскертет башкача айтканда тамеки чеккен жаранга айып салынат.