Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) Эл аралык логистика жогорку мектеби (ЭЛЖМ) менен биргеликте «Шаардык транспорт: көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору» аталышындагы тегерек стол өткөрдү.

Иш-чарага  борбор калаанын мэринин орун басары Максатбек Сазыкулов, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев, Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин профессорлор курамы, окуу жайдын студенттери катышты.

Иш-чаранын негизги максаты шаардык транспорт көйгөйлөрүн чечүү планын иштеп чыгууга жана аны ишке ашыруунун инструменттерин бекитүүгө багытталган.

Тегерек столдун жүрүшүндө шаардык транспорт көйгөйлөрүн чечүү жана жакшыртуу боюнча талкуу болуп, студенттердин илимий-изилдөө иштери көрсөтүлүп, бир нече сунуштар айтылды.

Ошондой эле студенттер Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде аткарылып жаткан иштер менен таанышты.