Биринчи май акимчилигинде башчынын орун басары Айнура Арстамбекованын төрагалыгы алдында дин иштери боюнча координациялык кеңешменин отуруму болуп өттү.

Кеңешмеге райондун МАБдын башчылары, укук коргоо органдарынын, райондук прокуратуранын, Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жана диний мекемелердин өкүлдөрү катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө диний уюмдардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу, диний негизде пайда болгон чыр-чатактардын алдын алууга багытталган агартуу жана профилактикалык иштерди жүргүзүү, ошондой эле мекемелер тарабынан санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталышы маселелери талкууланды.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча протокол түзүлүп, кызматтарга тиешелүү тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, Биринчи май районунун аймагында 16 мечит, 22 намазкана жана 2 медресе жана 18 бөлөк христиан жана католик объектилери жайгашкан.