27-28-январь аралыгында «Газпром балдар үчүн» спорттук-эс алуу комплексинде дзюдо боюнча эркектер жана аялдар арасында Кыргыз Республикасынын чемпионаты болуп өттү.
Турнирдин жыйынтыгында спорттун күжүрмөн түрү боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин окуучулары 17 медаль жеңип алышты.
Эркектер арасында:
Арнал Борбашев – 1-орун (60 кг);
Ратбек Жуманазаров – 1-орун (81 кг);
Адил Мырзаев – 1-орун (90 кг);
Анарбек Ишенбаев – 1-орун (100 кг);
Аскарбек Ишенбаев – 2-орун (73 кг);
Арсений Кладнов – 2-орун (81 кг);
Актан Уранов – 2-орун (90 кг);
Азизбек Сабиров – 2-орун (100 кг);
Эмирхан Жолдошказиев – 2-орун (+100 кг);
Алмазжан уулу Тегин – 3-орун (81 кг);
Бекзат Жумабеков – 3-орун (90 кг).
Аялдар арасында:
Кыял Амантурова – 2-орун (57 кг);
Айжан Анарбекова – 2-орун (+78 кг);
Аяна Рыскулбекова – 3-орун (57 кг);
Аида Асанбекова – 3-орун (63 кг);
Адинай Алмазбекова – 3-орун (78 кг);
Айдеми Калиева – 3-орун (+78 кг).
Белгилей кетсек, мелдешке республиканын бардык аймактарынан 250 спортчу катышкан.