«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы көйгөйлөрдү чечүү жана ишкананын ишин жакшыртуу максатында айдоочулар арасында жыйын өткөрдү.

Жыйынга «БЖАИ» муниципалдык ишканасынынын директору Талант Капаров, Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын улук лейтенанты Кадырбек Батырбеков, «БПЦ КГ» ЖЧКсынын өкүлдөрү, автоколонналардын башчылары жана айдоочулар катышты.

Жыйындын жүрүшүндө тарифтин көтөрүлүшү, накталай эмес төлөм жүргүзүү, автобустардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу, жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эрежени сактабаган айдоочуларга өтө катаал жана ыкчам чараларды көрүү боюнча милдеттер коюлду.

Мындан тышкары, накталай эмес төлөм системасына толук өтүүдө пландын аткарылышы туралуу маселе көтөрүлүп, жүргүнчүлөрдөн накталай эмес төлөм жүгүртүүсүн талап кылуу, айдоочуларга коюлган бардык талаптарды жана эрежелерди сактоо талкууланды.

Жыйындын натыйжасында жол кыймылынын эрежелерин сактабаган, накталай эмес төлөм жүгүртүүдө каражаттарды ысырап кылган айдоочуларга өтө катаал чаралар көрүлөрү эскертилди.