Октябрь акимиатында административдик комиссиянын отуруму болуп, анда Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан түзүлгөн 8 протокол каралды.
"Көрктөндүрүү эрежелерин бузуу" 114-берене боюнча 4 айып пул салынып, жалпы суммасы 52 000 сомду түздү. Ошондой эле, 115-берененин 1-пунктуна ылайык, "Белгиленбеген жерлерге таштанды чыгаруу, өрттөө" боюнча 45 000 сом айып салынган.
Укук бузуулар боюнча протоколдордун жалпы суммасы 97 000 сомду түздү.
Комиссиянын жыйындары бекитилген жобонун негизинде жума сайын өткөрүлөт.