Октябрь администрациясынын балдар иштери боюнча комиссиясынын 2024-жылдагы биринчи отуруму өттү.
Комиссия мүчөлөрү 30 материалды карап чыгышты. Комиссиянын максаты турмуштук оор кырдаалга кабылган балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу болуп саналат.
Каралган 30 материалдын ичинен 4 балдарды коргоонун жеке планы (БЖЖП) бекитилип, 9у кароодон алынган. Мындан тышкары үй-бүлө менен жекече иш жүргүзүү боюнча 6 план бекитилип, 3 планга өзгөртүүлөр киргизилип, 8 материал Октябрь райондук ИИБнин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын каттоосуна алынды.
Квалификациялуу психолог үй-бүлөнүн же баланын эмоционалдык жана психологиялык абалынын деңгээлин алдын ала аныктоо жана сүйлөшүү үчүн дайыма комиссиянын ишине катышат.
Белгилей кетсек, комиссия өз ишин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен түзүлгөн Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобонун негизинде жүргүзөт.