Унаа тыгындарын алдын алуу максатында "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Бишкек ШИИББсы боюнча МККБнын башкармалыгынын ЖКБсы жана райондук администрациялардын көрсөтмөсүнө ылайык жасалма дөңчөлөрдү демонтаждоо иштерин баштады.
Жыл башынан бери 12ден ашык бир жана 3 метрдик ылдамдыкты азайтуучу дөңчөлөр демонтаждалды.
Бүгүнкү күндө бригада "Калыс-Ордо" конушундагы 11 жана 109-көчөлөрдүн кесилишинде иштерди жүргүзүүдө.
Белгилей кетсек, демонтаждоо иштери төмөнкү объектилерде аяктады:
- Матыев көчөсүндө 260/1 үйүнүн маңдайында;
- Л.Толстой менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Матыев/Тажик көчөлөрүнүн кесилишинде;
-Л.Толстой/7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Жантөшөв/Б.Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Каралаев/Жетикашкаев көчөлөрүнүн кесилишинде.