Бишкек шаарынын «Товарная» конушуна жаратылыш газы берилди.
Иш-чарага БШКнын төрагасы Куванычбек Конгантиев, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев жана «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын башкы директорунун орун басары Арзымат Алдаяров катышты.
Газдаштыруу боюнча иштер «Газпром Кыргызстан» ЖЧК инвестициялык программасын ишке ашыруунун алкагында аткарылды. Калктуу конушта газ бөлүштүрүүчү тармактардын дээрлик 3 чакырымы курулган.