Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти 2024-жылдын 27-январынан тарта №46 автобус каттамы жабыларын билдирет.

Мындай чечим шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун алкагында жана "Эко Жүргүнчүлөрдү Жеткирүү" ЖЧКсынын кайрылуусунун негизинде кабыл алынды.

Белгилей кетсек, жаңы маршруттук каттамдардын ачылышына жана айрым каттамдардын кыймыл схемасынын өзгөрүшүнө байланыштуу №46 маршруттук каттамда жүргүнчүлөрдүн агымы кескин кыскарып, каттам өз чыгымдарын жаба албай калган.