27-январдан тарта Бишкек шаарындагы №17 маршруттук каттамды «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы тейлейт.
Мындай чечим шаардык транспорт тармагын оптималдаштыруунун жана "Эко Жүргүнчүлөрдү Жеткирүү" ЖЧКсынын кыймылдуу курамы жана айдоочулардын жетишсиздигинен улам кабыл алынды.
Маршрут Красный строитель конушунан Кудайберген конушуна (Поле Чудес) чейин каттайт, узундугу 37,7 км, автобустардын аралыгы 8-10 мүнөт. Каттамда 15 автобус кызмат көрсөтөт.
Белгилей кетсек, бара-бара бардык каттамдар толугу менен автобустарга алмаштырылат.