Бишкек шаарында 2024-жылдын 27-январынан тарта №31 автобус каттамын "Эко Жүргүнчүлөрдү Жеткирүү" ЖЧКсы тейлейт.
Мындай чечим Чоң-Арык айылындагы Кожобергенов көчөсү бийик болгондуктан, автобустар айылга кирип-чыгууда жаралган кыйынчылыктарды эске алуу менен чоң көлөмдүү жаңы автобустардын коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынды.
Белгилей кетсек, маршрут өзгөрүүсүз калат. Буга чейин бул каттамды «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы тейлеп келген.\