Ленин райондук балдар иштери боюнча комиссиясы балдардын бакубаттуулугу жана өнүгүүсү боюнча маселелерди кароону үзгүлтүксүз  жүргүзүп турат.

2023-жылы 35 отурум болуп, анда 759 материал каралды.

Белгилей кетсек, комиссия балдардын билим алуусуна, ден соолугуна жана социалдык өнүгүүсүнө байланышкан көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүндө иштеп, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларды көрүп келет.

Жакында эле  комиссия  жашы жете элек кыздын  сабакка катышпагандыгы боюнча көчмө жыйын өткөрүп,  анын себебин билүү үчүн баланын энеси менен жолугушкан.