«Таберик» концертик залында  «Кыргыз тили жана Ч.Айтматов ааламы» үч айлыктын алкагында өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтоочу салтанаттуу сыйлоо аземи өттү.

Иш-чарага Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, райондук билим берүү башкармалыктардын жетекчилери  жана мугалимдер, окуучулар катышты.

Үч ай бою бардык билим берүү мекемелеринде Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлгөн.  Кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, үч айлыктын алкагында «Мыкты кыргыз тили жана адабияты кабинети», «Мыкты кыргыз тили кабинети» номинацияларында кароо-сынактар өткөрүлгөн. Андан сырткары, «Дилгир» поэтикалык кароо-сынагы, «Кыргыз тилин сүйөмүн» көркөм окуу кароо-сынагы, «Адамзаттын мугалими Айтматов – Дүйшөн жана мен» дил баян  сынагы, «Айтматов ааламы» илимий изилдөө кароо-сынагы, «Мыкты видео-ролик» жана «Каармандар сүйлөйт» кароо-сынактары жана Айтматовдун чыгармаларынын негизинде КВН уюштурулду.