Бишкек шаарында 2024-жылдын 25-январынан тарта №56 жаңы автобус каттамы ишке кирет.
Мындай чечим шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун натыйжасында жана экологиялык жактан таза транспорт түрүн туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
Каттам Чоң-Арык айылынан айланма жол менен жүрүп, Байтик-Баатыр, Жибек-Жолу, Ч.Айтматов проспекттерин камтыйт. Анын узундугу 24 км, ал эми автобустардын кыймыл интервалы 10 мүнөттү түзөт. Каттамда 25 автобус кызмат көрсөтөт. Аталган каттам №55 маршруттун карама-каршы багыты боюнча жүрөт.
Белгилей кетсек, буга чейин мэрия Бишкекти чоң унаалар менен айланып жүрүүсүн, анын ичинде перпендикуляр кыймылды камсыз кылган бир нече чакан шакекчелерди жасоону пландаган.