«Тазалык» муниципалдык ишканасы шаардыктарды тейлөөнү жакшыртуу жана абоненттик базасын кеңейтүү максатында Биринчи май районунун МАБ кызматкерлери тарабынан райондун тургундары арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
2022-жылы “Тазалык” МИнин абоненттик базасы 1918 абонентке, ал эми 2023-жылдын аягына карата 12476 адамга көбөйгөн. (район боюнча абоненттердин жалпы санынын 8,04%).
Мындан тышкары, «ЭКО Бишкек» программасынын алкагында «Тазалык» МИ тарабынан жалпысынан 1500 чарба субъектилери менен келишим түзүү боюнча текшерүүлөр жүргүзүлдү, анын ичинен: -
- 1070 чарба жүргүзүүчү субъект менен келишим түзүлгөн;
- 139 чарбалык субъектинин келишими жок экендиги аныкталган;
- 35 чарба жүргүзүүчү субъект башка ишканалар менен келишим түзгөн;
- Текшерүү учурунда 256 чарбалык субъект иштебей турган.
Белгилей кетсек, түшүндүрүү иштери «Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан берилген артыкчылыктарга жана мүмкүнчүлүктөргө басым жасалууда.
Шаар тургундарына таштандыны чыгарууга болгон тарифтер, иш тартиби, ошондой эле көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча учурдагы жана пландаштырылган иш-чаралар жөнүндө маалыматтар берилет.